БИЗ ЖӨНҮНДӨ

VIČI – бул балыктардын, сурими, лосось, сельдь, деңиз азыктары, чүчбара, пицца жана куймактын товардык белгиси, ал өзгөчө сапаты, мыкты даамы, аш болумдуулугу жана даярдоонун жеңилдиги менен керектөөчүлөр тарабынан жогору бааланат.

Мындан отуз жыл мурда пайда болгон VIČI бүгүн Европадагы эң популярдуу Литвалык бренддин бири. VIČI азыктарын өзүнүн ишин Литванын Каунас шаарында баштаган «Vičiūnai Group» холдинги чыгарат.

«VIČIŪNAI GROUP» жөнүндө

1991-жылы негизделген «Vičiūnai Group» дүйнөлүк сурими рыногунун сап башында жана Европадагы биринчи балык жана деңиз азыктарын өндүрүүчүлөрүнүн бири. Бүгүнкү күндө популярдуу VIČI бренди менен катар холдинг компаниялары ESVA, Columbus, Laika жана башка соода маркалары менен белгиленген азыктарды өндүрүп, дүйнө жүзү боюнча 70тен ашуун базарлардын керектөөчүлөрүнө жөнөтүп турушат. Жалпысынан, «Vičiūnai Group» дүйнөлүк океандын балык жана башка азык-түлүктөрдүн 3000ден ашуун азыктары менен таң калтырат.

Сатылган бардык азыктардын дээрлик 91% беш регионго экспорттолот: Балтика өлкөлөрү, Батыш жана Борбордук Европа, Скандинавия, ошондой эле Чыгыш Европа жана Азия. «Vičiūnai Group» заводдорунда өндүрүлгөн азыктар Lidl, Aldi, Sainsbury, Carrefour, Casino жана Wallmart сыяктуу дүйнөгө белгилүү  соода тармактарынын текчелерине жөнөтүлөт. Биз Чыгыш базарларынын бардык ири соода түйүндөрү менен иштейбиз - Metro, Auchan, «Магнит», X5, «Лента», Okey, «Дикси», «Гиперглобус», «Сильпо», «АТБ», «Виталюр», Magnum ж.б. Холдингдин соода компаниялары дүйнөдөгү кеңири белгилүү товардык белгилердин өкүлдөрү болуп саналат: Hortex, Bonduelle, Lamb Weston, Dujardin and McCain.

«Vičiūnai Group» тун үзгүлтүксүз өнүгүшүнүн ачкычы - бул азыктарды жеткирүү тармагындагы A дан Я га чейинки абсолюттук көзөмөлдөөдө. Бул бизге Литвада да, ошондой эле чет өлкөлөрдө да азыктардын жогорку сапатына кепилдик берет. Литва, Испания жана Эстониядагы «Vičiūnai Group» тун заманбап фабрикалары туздалган, ышталган, тоңдурулган жана панирленген балыктарды, сурими азыктарын, деңиз азыктарын, ун азыктарын өндүрүшөт. Өндүрүштө колдонулуучу компоненттердин көпчүлүгү «Vičiūnai Group» компаниясынын фабрикаларынан келип чыгат, демек, чийки зат жеткирүүчүлөрдөн көз карандылык деңгээли төмөндөйт. Азыктарды чет өлкөлөргө экспорттоо өзүбүздүн логистикалык жана транспорттук компаниялар камсыз кылат, ал эми сатуу 23 мамлекетте иштеп жаткан жана алардын базарларын мыкты билген «Vičiūnai Group» сатуучу компаниялары тарабынан ишке ашырылат.

Дүйнөлүк бизнестин маанилүү бөлүгү болгон «Vičiūnai Group» кызматкерлерине, кардарларына, өнөктөштөрүнө, айлана-чөйрөгө жана коом алдындагы жоопкерчилигин жакшы билет. Ошондуктан холдинг көптөгөн жылдар бою азык-түлүк коопсуздук маданиятын, туруктуу ишкерликтин принциптерин жана тирүү деңиз ресурстарын сактап калуу, аларды сарамжалдуу пайдаланууга өз салымын кошуп келет. Мунун далили бизнестин бул түрүндө сапаттын кепилдиги болгон сертификаттар: ISO, BRC, IFS Food, IFS Logistics, MSC, FSSC 22000, ASC, Global Gap.

ЖЕТИШКЕНДИКТЕР

  • 2019-жылы Брюсселде өткөн дүйнөдөгү ири деңиз балыктары жана деңиз азыктары Seafood Excellence Global көргөзмөсүндө, тамак-аш өнөр жайы адистеринин тобу глютенсиз Азиялык Wok макаронун эң мыкты инновациялык азык деп тапты.
  • 2018-жылы, Seafood Excellence Global сыйлыгын тапшыруу аземинде, VIČI сурими лазанья жалбырактары «Эң мыкты инновациялык азык» категориясын жеңип алды.
  • 2017-жылы Seafood Excellence Global сыйлыгын тапшыруу аземинде, VIČI «Jūros perlai» surimi кесимдери «Эң ыңгайлуу азык» категориясында жеңүүчү деп табылды.
  • 2002-жылы Seafood Excellence Global сыйлыгын тапшыруу аземинде VIČI Snow Crab сурими краб таякчалары эң пайдалуу азык деп табылган.
  • 2019-жылы Verslo žinios басмасы тарабынан уюштурулган Литванын «Жылдын товардык белгиси» сынагында VIČI интернавт симпатия сыйлыгын жеңип алды.