“Снежный краб” краб таякчалары менен балык шорпосу

60 мин
Белоктун курамы жогору

"Cнежный краб" краб  таякчалары менен салттуу эмес балык шорпосу, каймак, жашылчалар жана ароматтар балык сүйүүчүлөрдү кубандырат. Болгону жыйырма мүнөттүн ичинде  жыпар жыттуу жана мыкты даамга кепилдик.

Курамы

  • 1 кг балыктын чийки баштары жана куйруктары
  • 200 г краб таякчалары «Снежный краб» VIČI 
  • Бир боо ашкөк (укроп, петрушка, кориандр, райхан ж.б.)
  • 2-4 лавр жалбырагы
  • 5-7 даана кара мурч
  • Туз
  • 1 чоң пияз
  • 2-3 тиш сарымсак
  • 1 чоң сабиз
  • 3-4 картошка
  • 2 аш кашык ак май
  • 2-3 аш кашык ун
  • 1 банка консерваланган помидор (жаңы тазаланганын туураса болот, же томат пюресин колдонсоңуз болот)
  • Каймак

Даярдоо

1
Казанга балык, ашкөк, туз, мурч, лавр жалбырагы, тууралган пияз, сарымсакты кошуп, 30-40 мүнөт бышырыңыз.
2
Бышкан шорпону чыпкалап, майда тууралган картошканы, сабизди жана сарымсак пюресин кошуңуз.
3
Шорподо бышкан жашылчаларды, сүргүчтөн өткөрүңүз.
4
Алдын ала ысытылган көмөч казанга май, бир аз шорпону жана унду кошобуз. Алынган массага консерваланган помидорду кошуп, дагы бир нече мүнөт кууруйсуз.
5
Алынган массаны шорподо бышып, сүргүчтөн өткөрүлгөн жашылчалар менен аралаштырып, дагы 10-15 мүнөт бышырыңыз.
6
Бүткөндөн кийин, шорпого чоң-чоң кесилген краб таякчаларын салыңыз.
7
Бышкандан кийин, шорпону дасторконго каймак жана ашкөк менен сунсаңыз болот.